Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун мурдагы судьясы Бекбоева Динара Мукашевна акыркы сапарга узатылды.

23 марта 2023




Бүгүн, 2023-жылдын 23-мартында, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Бекбоева Динара Мукашевнаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун атынан сөз сүйлөп, Динара Мукашевнанын туугандарына жана жакындарына жолдогон сөзүн окуп берди.

Анда Замирбек Базарбеков Динара Мукашевна өз ишин мыкты билген профессионал болгондугун айтып, ишине жоопкерчиликтүү карап, сот тутумунун өнүгүшүнө өз салымын кошкондугун белгилеген.

Кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарды терең билген, кесиптик чоң тажрыйбасы бар принципиалдуу судья болгондугун эскерген.

Өз кезегинде Нурлан Чериков Динара Мукашевна Тоң, Ак-Суу райондук сотторунда, ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунда судья болуп эмгектенгендигин айтып, терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтты.