KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төраганын орун басары Зарипбек Аданбаев К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн «Синтетикалык баңгизаттын коркунучтуулугу» аттуу иш-чарага катышты

11 декабря 2025

10-декабрь адам укуктарынын коргоо күнүнө карата К.Тыныстанов атындагы    Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөн «Синтетикалык баңгизаттын коркунучтуулугу» аталышындагы маалыматтык-профилактикалык иш-чара өттү, иш-чарага Ысык-Көл областтык сотунун төраганын орун басары Зарипбек Аданбаев катышты. Иш-чарага университеттин экономика, туризм жана тарых факультеттеринин 3-курс студенттери да активдүү катышып, сот отурумун чагылдыруу боюнча практикалык көрсөтмө жасашты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Зарипбек Аданбаев синтетикалык баңгизаттардын өсүп жаткан коркунучу, алардын жаштардын ден соолугуна жана коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле мыйзамдык жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берди. Ал баңгизат менен күрөшүү — бул мамлекеттик түзүмдөрдүн гана эмес, жалпы коомчулуктун жоопкерчилиги экенин баса белгиледи.


Студенттер тарабынан уюштурулган сот процессинин чагылдырышы жаштардын укуктук маданиятын жана сот тутуму тууралуу түшүнүктөрүн жогорулатууга багытталды. Практикалык бөлүк катышуучуларга сот иштеринин жүрүшүн, айыпталуучу менен күбөлөрдүн укуктары жана милдеттерин, ошондой эле сот чечиминин кабыл алуу тартибин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.


Жыйынтыгында, иш-чаранын катышуучулары мындай форматтагы жолугушуулар студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатып, баңгизаттардын зыяндуулугун алдын алууга чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти. Тараптар мындан ары да кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                                      А.Таалайбек кызы