KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары студенттерге лекция окуду

18 декабря 2025

2025-жылдын 16-декабрында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Алайбек Кожомкулов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Каракол бөлүмүнүн табигый илимдер факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн мазмундуу жана кеңири лекция окуду.


Лекциянын темасы «Кыргыз Республикасынын сот системасы» болду. Иш-чара студенттердин укуктук билимдерин кеңейтүүгө, мыйзамдын үстөмдүгү принцибин жана коомдогу сот бийлигинин ролун түшүндүрүүгө багытталды.


Лекциянын жүрүшүндө Алайбек Кожомкулов Кыргыз Республикасынын сот системасынын тарыхый өнүгүүсү, азыркы түзүмү жана негизги звенолору — жергиликтүү соттор, облустук соттор жана Жогорку сот тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле соттордун көз карандысыздыгы, мыйзам алдында бардык жарандардын тең укуктуулугу, адилет сот жүргүзүүнүн принциптери, судьялардын макамы жана жоопкерчилиги маселелерине токтолду.


Мындан тышкары, практикалык мисалдардын негизинде жарандык, кылмыштык жана административдик сот өндүрүшүнүн негизги өзгөчөлүктөрү, сот процесстеринин этаптары, тараптардын укуктары жана милдеттери, ошондой эле сот чечимдерин аткаруунун тартиби түшүндүрүлдү. Лектор өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан мисалдар менен бөлүшүп, сот ишмердүүлүгүндө этикалык жана моралдык нормаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Лекция интерактивдүү форматта өттү. Студенттер талкууга активдүү катышып, сотко кайрылуунун тартиби, адилет сотко жетүү мүмкүнчүлүгү жана келечекте юридикалык кесиптерди тандоо тууралуу суроолорду беришти. Лектор бардык суроолорго кеңири жана түшүнүктүү жооп берип, жаштарды укукка жана мыйзамга болгон кызыгуусун арттырууга чакырды.


Иш-чаранын соңунда университеттин жана факультеттин өкүлдөрү мындай жолугушуулар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүдө жана жарандык позициясын калыптандырууда маанилүү роль ойной турганын белгилеп, мазмундуу лекциясы жана студенттер менен ачык баарлашуусу үчүн Алайбек Кожомкуловго ыраазычылык билдиришти.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                                     А.Таалайбек кызы