Сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктары тапшырылды
Иш-чара 2024-жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун жыйындар залында судьялардын жана аппарат кызматкерлердин катышуусунда болуп өттү.
Сот тутумунун 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сыйлыктары ошондой эле Ысык-Көл облустук сотунун сыйлыктары тапшырылды.
Жыйынды Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков ачып, судьяларды жана аппарат кызматкерлерди 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, Ардак грамоталарды тапшырды.
Өз сөзүндө Нурлан Чеиков “Сот бийлигинин беделин бекемдөө судьялардын профессионалдуулугу жана адилеттүүлүгү менен тыгыз байланыштуу экенин, аны менен бирге сот адилеттигин ишке ашырууда маанилүү кызматты аткарган соттордун аппарат кызматкерлери дагы бул иш боюнча олуттуу ролго ээ” — деп белгиледи.
Жыйындын соңунда төрага кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.