KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл районунун Жусуп Абдырахманов, Садыр Аке айыл аймактарында жана Чолпон-Ата шаарында эл менен жолугушуулар өттү

26 мая 2026

2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун катышуусунда Ысык-Көл районунун Жусуп Абдырахманов жана Садыр Аке айыл аймактарында, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Жолугушууларга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Жыйындардын жүрүшүндө аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү, ички жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыздоо, ирригация системаларын жакшыртуу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.


Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардын кайрылуулары, сунуш-пикирлери жана көтөргөн көйгөйлөрү угулуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.


Облус жетекчилиги тарабынан эл менен түз байланыш түзүү, көйгөйлөрдү жеринен угуу жана аларды ыкчам чечүү багытындагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантылары белгиленди.


Жолугушуулар ачык форматта өтүп, тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү адистерден жоопторду алышты.