Жети-Өгүз райондук сотунда улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундарга жеткирүү максатында уюштурулган “Манас” угуу декадасынын алкагында маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – дүйнөлүк маданий мурастардын катарына кирген улуу “Манас” эпосун пропагандалоо, коомчулукта мекенчилдик сезимди бекемдөө жана мамлекеттик мекемелерде маданий өнүгүүнү колдоо болуп саналат.
Иш-чарага Жети-өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов, аталган соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.
Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов иш-чараны ачып жатып, “Манас” эпосу — кыргыз элинин руханий байлыгы, тарыхы жана биримдигинин символу экенин белгиледи. Ошондой эле мындай маданий демилгелер мамлекеттик кызматкерлердин руханий маданиятын жогорулатууга чоң салым кошорун айтты.
Иш-чара улуттук дөөлөттөрдү уланта даңазалоого жана коомчулукта мекенчилдикти бекемдөөгө дем берген маанилүү иш-чара катары жыйынтыкталды.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




