KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Жети-Өгүз райондук сотунда кызматтык этика жана коррупциянын алдын алуу маселелери талкууланды

24 июня 2026

Жети-Өгүз райондук сотунда коррупциянын алдын алуу жана сот кызматкерлеринин кесиптик этикасын бекемдөө максатында иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов, соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышышты.


Чогулуштун жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо, ошондой эле жарандарга сылык жана сыпайы мамиле кылуу маселелери каралды. Катышуучулар сот тутумунда мыйзамдуулукту чыңдоо жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча пикир алышышты.


Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов иш-чарада кыскача сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи: «Сот тутумунда коррупцияга жол бербөө, кызматтык этиканы так сактоо жана жарандарга сылык мамиле кылуу ар бир кызматкердин негизги милдети. Бул принциптер сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт», деди ал.


Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай профилактикалык жолугушуулар сот системасында ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатууга жардам берерин белгилешти.