Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов бүгүн, 18-май күнү, Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн Чырак айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар ичүүчү таза суу, сугат суу, ирригациялык резервуарлар, жер маселелери, жол жана башка инфраструктуралык көйгөйлөр, ошондой эле социалдык тармакка байланышкан маселелерди көтөрүштү.
Ыйгарым укуктуу өкүл Бакытбек Жетигенов көтөрүлгөн ар бир маселеге өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү мекеме-ишканаларга жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.
Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Ысык-Көл облусунун прокурору Эмирбек Каримов, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Эрмек Бахавадинов, Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов жана Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Нурпаис Бекташов катышты.
Мындай жолугушуулар жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүүгө, аймактагы көйгөйлөрдү ыкчам аныктоого жана аларды чечүү боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө багытталган.




