Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондук сотторунда ишембилик уюштурулуп, ага аталган соттордун төрагалары, судьялары жана аппарат кызматкерлери толук курамда катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнү тазалоо, санитардык абалды жакшыртуу жана сот имараттарынын айланасын көрктөндүрүү болду. Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер имараттардын короолорун тазалап, таштандыларды жыйнашты, куураган жалбырактарды жана чөптөрдү тазалашты. Мындан тышкары, жашыл аймактарды ирээтке келтирүү, бак-дарактарды бутоо жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага катышкан кызматкерлер белгилешкендей, мындай ишембиликтер эмгек жамааттын ынтымагын бекемдеп, биргелешип иш алып баруу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле мамлекеттик мекемелердин айланасын таза жана тыкан кармоо — коомго үлгү көрсөтүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, ишембилик туруктуу негизде өткөрүлүп, санитардык тазалыкты сактоо жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.




