KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Түп райондук сотунда Аксакалдар соту менен биргеликте маанилүү жумушчу жыйын өткөрүлдү.

30 апреля 2026

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлдеги укуктук маселелер, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, ошондой эле коомдогу ынтымакты жана мыйзамдуулукту камсыз кылууда аксакалдар сотунун ролу талкууланды.


Иш-чарага Түп айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун өкүлү Жолоочу Кыштобаев, Каркыра айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун өкүлү Таалайбек Акматов, Карасаев айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун өкүлү Догдурбай Солпиев, ошондой эле Балбай айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун өкүлү Роза Букуева катышышты.


Мындан тышкары, жыйынга Түп райондук сотунун төрагасы Керимбек Шарипбай уулу жана аталган соттун судьялары катышты.


Жыйындын жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну күчөтүү, укуктук түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-чараларды улантуу зарылдыгын белгилешти.


Түп райондук сотунун төрагасы Керимбек Шарипбай уулу өз сөзүндө: «Аксакалдар соту — коомдогу ынтымакты сактоодо жана талаш-тартыштарды тынч жол менен чечүүдө маанилүү институт болуп саналат. Биздин негизги максат — жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана мыйзамдуулукту бекемдөө багытында биргелешип иш алып баруу», — деп белгиледи.