KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Түп райондук сотунда пробация жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

31 июля 2026

Жыйындын негизги максаты сот актыларынын аткарылышынын жүрүшүн талдоо, аткаруудагы актуалдуу маселелерди кароо жана мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо болду.


Жыйынга Түп райондук прокуратуранын өкүлү жана пробация органынын башкы адиси катышып, сот актыларынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле мыйзам талаптарын так сактоо, сот чечимдеринин өз убагында аткарылышын камсыздоо жана бул багыттагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында сот актыларынын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды мындан ары да улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.