KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Түп райондук сотунда “Манас” угуу декадасынын алкагында иш-чара өткөрүлдү

01 декабря 2025

Түп райондук сотунда “Манас” угуу декадасынын алкагында улуттук руханий мурастарды даңазалоого, жаш муундардын маданий жана тарбиялык баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган маданий иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” эпосунун терең маанисин жайылтуу, анын биримдикке, адилеттүүлүккө жана ыймандыкка үндөгөн баалуулуктарын кеңири түшүндүрүү жана мамлекеттик кызматкерлер арасында маданий ырааттуулукту бекемдөө болуп саналат.


Иш-чарага Түп райондук сотунун төрагасы Керимбек Шарипбай уулу, ошондой эле аталган соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга эпостун тарыхый мааниси, Манас баатыр жана анын кырк чоросу туурасындагы баяндар, ошондой эле “Семетей” үчилтигинде камтылган тарбиялык ойлор тууралуу кенен маалыматтар берилди. Угуучулар эпостун көркөм дүйнөсүнө баам салып, анын улут үчүн өзгөчө орду тууралуу талкууга катышышты.


Бул иш-чара кызматкерлердин маданий сабаттуулугун жогорулатып гана койбостон, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйды арттырган маанилүү маданий аянтча болду.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы