2026-жылдын 19-майында Нуркалый Асанбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов баштаган облус жетекчилери Ысык-Көл айыл аймагы, Карасаев айыл аймагы жана Түп айыл аймагынын тургундары менен жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан аймактагы бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча сугат жерлердин абалы, идеологиялык багыттагы иштерди күчөтүү, жерлерди трансформациялоо, таза суу, электр энергиясы жана жер маселелерине байланыштуу суроолор айтылды. Тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү түздөн-түз жетекчилерге жеткирип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчтөрүн билдиришти.
Өз кезегинде облус башчысы Бакытбек Жетигенов жарандар тарабынан көтөрүлгөн ар бир маселе көңүл сыртында калбай турганын белгиледи. Ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө конкреттүү тапшырмаларды берип, бардык маселелер мыйзамдын алкагында этап-этабы менен чечилерин билдирди.
Мындан тышкары, жолугушууда эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөө, жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп чечүү маанилүү экени белгиленип, мындай жолугушуулар мындан ары да уланары айтылды.




