Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев Түп райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жолугушуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу, сот тутумундагы тартипти чыңдоо жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө сот иштерин автоматташтырылган бөлүштүрүү системасына байланыштуу маселелер талкууланып, негиздүү жана негизсиз кийлигишүүлөр боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле QR-код аркылуу калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары талданып, жарандардын кайрылууларын кароо, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана сот кызматкерлеринин этикалык жүрүм-туруму боюнча пикирлерге өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата бекитилген иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин аткарылышы, графикке ылайык уюштуруу маселелери жана квартал сайын жүргүзүлүүчү соттук жалпылоолордун абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында иш жүргүзүүдөгү айрым кемчиликтер белгиленип, аларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча тиешелүү эскертүүлөр жана тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда Нуркалый Асанбаев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине кайрылып, сот системасында мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана кызматтык жоопкерчиликти сактоо ар бир кызматкер үчүн башкы талап экенин белгиледи.
«Сот бийлигине болгон коомдук ишеним ар бир кызматкердин ишине, жүрүм-турумуна жана жоопкерчилигине түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан ар бир кызматкер өз ишин так, таза жана мыйзамдын негизинде алып барышы зарыл. Жарандардын кайрылууларына өз убагында көңүл буруп, кызмат көрсөтүүдө кесипкөйлүктү жана маданияттуулукту сактоо — биздин негизги милдеттерибиздин бири», — деди ал.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө сот тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана жарандардын сот органдарына болгон ишенимин арттыруу багытындагы иштер мындан ары дагы улантылары белгиленди.




