Тоң райондук сотунда улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш муундарга руханий мурастарыбызды жеткирүү максатында уюштурулган “Манас” угуу декадасынын алкагында маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — дүйнөлүк маданий мурастардын катарына кирген улуу “Манас” эпосун жайылтуу, коомчулукта мекенчилдик сезимди бекемдөө жана мамлекеттик мекемелерде маданий өнүгүүнү колдоо болуп саналат.
Иш-чарага Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова жана соттун аппарат кызматкерлери катышты.
Иш-чараны ачып жатып, Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова “Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн тарыхый жана руханий маанисине токтолуп, анын биримдикке, адилеттүүлүккө жана ыймандыкка үндөгөн баалуулуктарын кеңири жайылтуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер арасында маданий ырааттуулукту жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөөнүн зарылдыгын маалымдады.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эпостун тарыхый мазмуну, Манас баатырдын образы, анын кырк чоросунун эрдиктери, ошондой эле “Семетей” үчилтигиндеги тарбиялык жана философиялык ойлор тууралуу кеңири маалымат алышты. Угуучулар эпостун көркөм дүйнөсүнө терең үңүлүп, “Манас” эпосунун улут үчүн өзгөчө орду боюнча пикир алмашуулар болду.
Бул иш-чара кызматкерлердин маданий сабаттуулугун жогорулатып гана койбостон, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйды арттырган маанилүү маданий аянтча катары бааланды.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




