KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунда кызматташуу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү

04 февраля 2026

Тоң райондук сотунда судья Самарбек Сарыбаев өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарын аткарууга расмий түрдө киришти. Анын Тоң райондук сотуна дайындалышына байланыштуу сот аппаратынын катышуусунда расмий тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.


Иш-чарада Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова судья Самарбек Сарыбаевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ийгиликтерди, принципиалдуулукту, калыстыкты жана мыйзам талаптарын так сактоону каалады. Ошондой эле судьянын ишмердүүлүгү мыйзамдуулукту камсыздоого, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, коомчулуктун сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталары белгиленди.


Судья Самарбек Сарыбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.


Мындан тышкары, Тоң райондук сотунда сот адилеттигин ишке ашыруудагы өз ара кызматташтыкты чыңдоо максатында жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Тоң районунун прокурорунун орун басары Бектур Эшеналиев жана Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө боюнча орун басары Жаныбай Таштанов катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы дайындалган судья Самарбек Сарыбаев расмий түрдө тааныштырылып, катышуучулар ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле сот, прокуратура жана ички иштер органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү, сот иштерин кароодо мыйзам талаптарын так сактоо, иштерди өз убагында, ыкчам жана сапаттуу кароо маселелери кеңири талкууланды.


Айрыкча сот өндүрүшүндө процессуалдык мөөнөттөрдү сактоо, материалдарды өз убагында жөнөтүү жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоого багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы    А.Таалайбек кызы