KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган иш-чара өткөрүлдү

24 июня 2026

2026-жылдын 24-июнунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунда коррупциянын алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага Тоң райондук сотунун судьялары, сот аппаратынын кызматкерлери, сот приставдары катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциянын алдын алуу, коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо, мамлекеттик кызматчылардын этикалык жүрүм-турум ченемдерин кармануу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу маселелери кеңири талкууланды.


Катышуучулар коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, профилактикалык иштерди күчөтүү жана коомдук көзөмөлдүн ролун жогорулатуу боюнча пикир алышышты. Ошондой эле сот органдарынын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылуу, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана сот бийлигине болгон коомчулуктун ишенимин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Иш-чаранын алкагында сот тутумунда ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган механизмдер жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.


Жыйындын соңунда катышуучулар коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик органдардын гана эмес, жалпы коомдун милдети экендигин белгилешип, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.


Мындай иш-чаралар сот тутумунда мыйзамдуулукту бекемдөөгө, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга, коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана сот адилеттигине болгон коомдук ишенимди арттырууга өбөлгө түзөт.