KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Тоң райондук сотунда “Улуттук идеология жана укуктук аң-сезим” темасында лекция өттү

09 сентября 2025

 


Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгына ылайык, Тоң райондук сотунда «Улуттук идеология жана укуктук аң-сезим» темасында лекция уюштурулду.


Иш-чарага Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Лекциянын жүрүшүндө Бөкөнбаев айылынын Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Арзымкул Токторгазиева уңгужолдун негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өз сөзүндө улуттук баалуулуктар, нарк-насилдер, тарбия, билим жана маданият темаларына токтолуп, катышуучулар менен активдүү талкуу жүргүздү.


Жолугушуунун жүрүшүндө иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, слайд-презентация көрсөтүлүп катышуучулар теманын мазмуну менен кеңири тааныша алышты.


Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова бул сыяктуу иш-чаралар кызматкерлердин адеп-ахлактык жана кесиптик сапаттарын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгилеп, “Бул лекция аркылуу кызматкерлердин жүрөгүндө адилеттүүлүк, абийирдүүлүк жана боорукердик сапаттарын чыңдоо максатында багыт алуу абдан маанилүү.” экенин эскертти.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                         А.А.Абдымаликова