2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара Тоң райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов, Тоң райондук сотунун төрайымы Аида Талантбекова, Ысык-Көл облустук кесиптик бирлик кеңешинин төрагасы Кенжебек Алыбаев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана ардактуу коноктор катышышты.
Салтанаттын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик жана ак ниеттүүлүк менен аткарып келген бир катар кызматкерлер ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана сыйлыктар менен сыйланышты. Куттуктоо сөздөрүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өлкөнүн жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүндөгү орду, алардын жоопкерчиликтүү эмгеги жана коом алдындагы маанилүү миссиясы өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган облустук спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Аталган мелдеш 2026-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылында өткөрүлүп, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Тоң районунун курама командасы бардык беш спорт түрү боюнча ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы командалык эсепте биринчи орунду жеңип алды. Салтанат учурунда команданын мүчөлөрүнө медалдар тапшырылып, алардын спорттук жетишкендиктери жогору бааланды.
Иш-чаранын соңунда райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, майрамдык маанай тартуулады.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган бул иш-чара алардын өлкөнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө кошкон салымын даңазалап, кызматкерлердин эмгегин баалоонун жана сыйлоонун дагы бир көрүнүшү болду.




