23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Сот Адилеттик үйүнүн” жыйындар залында атайын иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, Каракол шаардык сотунун жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери, ошондой эле К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ага окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Филология илимдеринин кандидаты, доцент Чолпон Толубаева мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы, анын тарыхы, азыркы абалы жана колдонулушу тууралуу кеңири баяндама жасады
Ага окутуучулар Жазгүл Түмөнбаева жана Салтанат Оторбаева кыргыз тилинин иш кагаздарында колдонулушу, негизги эрежелер жана кеп маданияты тууралуу маалымат беришти.
Мындан тышкары, иш-чаранын маданий бөлүгүндө университеттин студенттери “Манас” эпосунан үзүндү айтып, кыргыз тилине арналган ырларды көркөм окуу менен катышуучуларга патриоттук дух тартуулашты. Ошондой эле, комуз күүсү жаңыртылып, улуттук маданиятка болгон урмат-сый көрсөтүлдү.
Өз сөзүндө облустук соттун төрагасы Нуркалый Асанбаев “Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас. Аны сактап калуу жана өнүктүрүү ар бир жарандын ыйык милдети” – деп баса белгиледи.
Ал эми Административдик сотунун төрайымы Зарина Абдыкадырова “Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаралар – тилге болгон сый-урматтын жана камкордуктун ачык далили” экенин айтты.
Шаардык соттун төрагасы Тарасбек Осмонов “Бул иш-чара мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөөгө, жаш муун арасында тилге болгон сый-урматты арттырууга жана улуттук рухту көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам” деп эскертти.
Кеңешменин соңунда тилди өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ага окутуучулар жана студенттерге сыйлыктар жана белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек бул иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилин күнүмдүк жашоодо активдүү колдонууга түрткү берүү, тил маданиятын даңазалоо жана эл арасында улуттук биримдикти чыңдоо болуп саналат.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова