KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаардык сотунда сот актыларынын аткарылышы боюнча жумушчу жолугушуу өттү

19 июня 2026

Каракол шаардык сотунда Каракол шаардык Сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулары менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.


Иш-чарага Каракол шаардык сотунун төрагасы, судьялары, аппарат кызматкерлери жана Каракол шаардык Сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучулары катышышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Каракол шаардык соту тарабынан чыгарылган соттук актылардын аткарылышынын абалы талкууланып, аткаруу өндүрүшүндө жаралып жаткан айрым көйгөйлүү маселелер каралды. Ошондой эле сот чечимдеринин өз убагында жана толук аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү кызматтардын өз ара кызматташуусун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.


Тараптар сот актыларынын аткарылышы мыйзамдуулукту камсыз кылуунун жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоонун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да улантуу боюнча пикир алышышты.


Жыйынтыгында соттук актылардын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү тууралуу макулдашууга жетишилип, соттук актылардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо, ошондой эле сот менен сот аткаруучулар кызматынын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоо боюнча конкреттүү сунуштар белгиленди.