Коррупцияга каршы күрөшүү жана сот системасында ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Чолпон Каримбаева тарабынан атайын иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Ысык-Көл райондук сотунун судьялары, ошондой эле сот аппаратынын кызматкерлери толук курамда катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын келип чыгыш себептери, анын коомго жана мамлекеттик башкарууга тийгизген терс таасири, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашырууда адилеттүүлүк жана калыстык принциптерин сактоонун мааниси кеңири талкууланды. Төрайым Чолпон Каримбаева өз сөзүндө сот тутумунда иштеген ар бир кызматкер мыйзамды так сактоого, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга жана жарандардын сотко болгон ишенимин арттырууга өз салымын кошууга милдеттүү экенин белгиледи.
Ошондой эле, иш-чарада коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү жана кызматкерлердин этикалык нормаларды сактоосу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Судьялар жана аппарат кызматкерлери өз ара пикир алышып, коррупцияга каршы күрөшүүдө практикалык сунуштарын ортого салышты.
Мындан тышкары, Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Кенешбек Бекчалов “Акылман” президенттик лицеинде өткөн «Корупциясыз келечек» аталышындагы жолугушууга катышты. Жолугушуунун алкагында ал окуучуларга коррупциянын терс кесепеттери, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана адилеттүү коомду курууда жаштардын ролу тууралуу кеңири маалымат берди. Ачык форматта өткөн жолугушууда окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Аталган иш-чаралар сот системасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, кызматкерлердин жана жаш муундун укуктук аң-сезимин жогорулатууга, ошондой эле коомдо мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




