KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл райондук сотунда коррупцияга каршы иш-чара өткөрүлдү

24 июня 2026

Ысык-Көл райондук сотунда коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдуулукту чыңдоо багытында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.


Иш-чарага Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы Чолпон Каримбаева, аталаган соттун судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты. Ошондой эле жолугушууга Ысык-Көл райондук прокурорунун жардамчысы Мирлан Асанов катышып, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын талаптары жана алардын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди.


Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, кызматтык этиканы сактоо, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так аткаруу маселелери талкууланды.


Мирлан Асанов коррупциялык укук бузуулардын кесепеттери, алар үчүн каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу түшүндүрмө берип, мыйзамдуулукту камсыз кылууда ар бир кызматкердин жоопкерчилиги чоң экендигин белгиледи.


Катышуучулар тарабынан кызыктырган суроолор берилип, аларга тиешелүү жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.


Иш-чаранын жыйынтыгында коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленип, сот тутумунда ачык-айкындуулукту, ак ниеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантуу зарылдыгы айтылды.