KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Эл менен жолугушуу Ысык-Көл районунун Шайыбек Ата жана Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймактарында өткөрүлдү

26 мая 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 26-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги алдында Ысык-Көл районунун Шайыбек Ата жана Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймактарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.


Элдик жыйынга Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан социалдык камсыздоо, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, экономикалык өнүгүү, сот адилеттүүлүгү, ошондой эле үй-бүлөлүк жана коомдук зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү.


Ар бир айтылган сунуш-пикир жана көйгөй кылдаттык менен угулуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди.


Өз кезегинде Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев сот тармагына байланыштуу берилген суроолорго жооп берип, жарандарды жеке кабыл алууга даяр экендигин билдирди.


Жыйындын жыйынтыгында айрым маселелер боюнча жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, облустук мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.


Мындай жолугушуулар жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угууга, аларды ыкчам чечүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.