KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын райондорго болгон иш сапары аяктады

04 апреля 2025

 


Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин иш сапары Каракол шаардык жана Ысык-Көл облусунун административдик сотуна баруу менен аяктады


Төрага Каракол шаардык сотунун аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун ротация жолу менен орун которгон судья Күмүшай Баймуратованы шаардык соттун эмгек жамаатына тааныштырып куттуктады. Шаардык соттун судьяларына  иштерди өз убагында жана мыйзамга ылайык кароону талап кылып, соттун кызматкерлерине ийгиликтерди каалап коррупциялык иш-аракеттерге аралашпоону талап кылды.


Ошондой эле Нуркалый Асанбаев Ысык-Көл облусунун административдик сотуна барып, судьялардын жана  аппарат кызматкерлердин кабинеттерин көрүп чыкты. Ошондой эле жыйындын катышуучуларына коррупциялык иш аракеттерден алыс болуусун, жана мыйзамдын талаптарын жана эмгек тартипти бекем сактоону эскертти.


Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев иш сапары менен Ысык-Көл облусунун 6 райондук жана 2 шаардык сотторунда болду.


 


Ысык-Көл областтык сотунун  басма сөз катчысы                                                                          А.А.Абдымаликова