Ысык-Көл облустук сотунда кезектеги жалпы жыйын болуп өттү. Жыйынга Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, аталган соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты.
Жыйындын күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда, профсоюздук уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын жүрүшүндө профсоюздук төгүмдөр боюнча финансылык отчет угулуп, каражаттардын максаттуу жана ачык-айкын пайдаланылышы тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле профсоюз уюмунун төрагасын тандоо маселеси каралды. Бул кызматка эки талапкер — Алтынбек Бердибеков жана Сымбат Кокшенова сунушталды. Талапкерлер ачык добушка коюлуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында бир добуштан Сымбат Кокшенова профсоюз уюмунун төрагасы болуп шайланды.
Мындан тышкары, жыйындын алкагында аппарат кызматкерлерине мыйзамдардын талаптарын так сактоо, эмгек тартибин бекем кармануу боюнча эскертүүлөр берилди. Өз ишинде тактыкты, ыкчамдуулукту жана тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткаруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды катуу сактоо зарылдыгы дагы бир ирет эске салынды.
Жыйын соңунда сот системасындагы кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, кызматтык этиканы сактоо жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу негизги милдеттердин бири экендиги белгиленди.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




