KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда Сот кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

05 марта 2026

Ысык-Көл облустук сотунда Сот кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, сот тутумунда эмгектенип жаткан аппарат кызматкерлеринин эмгеги белгиленди. Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, төраганын орун басарлары Зарипбек Аданбаев жана Азамат Абдраимов, облустук соттун судьялары Сымбат Кокшенова, Койчубек Жобонов, Нургазы Дыйканов, ошондой эле Административдик соттун төрайымы Зарина Абдыкадырова, Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев, Каракол шаардык сотунун судьясы Венера Туманова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Шерматов жана соттордун аппарат кызматкерлери катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө сот аппаратынын кызматкерлеринин күнүмдүк эмгеги, алардын сот адилеттигин ишке ашыруудагы маанилүү ролу жана жоопкерчиликтүү кызматтары тууралуу айтылып, сот системасынын туруктуу жана натыйжалуу иштешине кошуп жаткан салымы белгиленди.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев өз сөзүндө сот аппаратынын кызматкерлеринин иши сот адилеттигин камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.


“Сот тутумунун ийгиликтүү иш алып барышында аппарат кызматкерлеринин да орду чоң. Күнүмдүк уюштуруу иштери, документ жүгүртүү, процесстик тартипти сактоо — мунун баары сот адилеттигин өз убагында жана сапаттуу жүзөгө ашыруунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Сиздердин тактыгыңыздар, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы сот системасынын натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи ал.


Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында сот аппаратынын айрым кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.


Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө аппарат кызматкерлерине ыраазычылык билдирилип, алардын жоопкерчиликтүү эмгеги жана сот системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жогору бааланды. Жыйын жылуу маанайда өтүп, кызматкерлерге ийгиликтер жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктер каалады.