KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда жумушчу жолугушуу өттү

04 августа 2026

Ысык-Көл облустук сотунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууга Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы, облустук соттун судьялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусундагы аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.


Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин калк менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, келечекте мындай маселелердин алдын алуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоо болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө жер мамилелерине байланыштуу соттук талаш-тартыштардын негизги себептери, мыйзамдарды колдонуудагы практикалык маселелер, ошондой эле мамлекеттик органдар менен сот органдарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жолдору талкууланды.


Катышуучулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн мамлекеттик органдардын өз ара маалымат алмашуусун күчөтүү, мыйзам талаптарын бирдей колдонуу жана алдын алуу иштерин жандандыруу боюнча пикир алышып, биргелешкен иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.


Жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары да тыгыз кызматташып, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыздоо жана жарандардын кайрылууларында кездешкен көйгөйлөрдү азайтуу багытында биргелешкен иш-чараларды улантуу зарылдыгын белгилешти.