KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда ишембилик өткөрүлдү

04 апреля 2026

Ысык-Көл облустук сотунда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында кезектеги ишембилик уюштурулду. Иш-чарага соттун төрагасы Нуркалый Асанбаев баштаган жамаат жана аппарат кызматкерлери жигердүү катышышты.


Ишембиликтин жүрүшүндө соттун аймагын тазалоо, ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, кошумча жашыл зоналарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Аймакты жашылдандыруу алкагында алма жана өрүк көчөттөрү отургузулуп, айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын жакшыртууга салым кошулду.


Мындай иш-чаралар кызматкерлердин ынтымагын бекемдеп, эмгек маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.


Ысык-Көл облустук соту мындан ары да аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытындагы иштерди ырааттуу уланта берет.