KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

10 июля 2026

Ысык-Көл облустук сотунда коррупциянын алдын алуу, мыйзамдуулукту чыңдоо жана мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу максатында кезектеги түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун аппарат кызматкерлери катышты.


Чогулуштун жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, коррупциянын алдын алууга багытталган мыйзамдардын талаптары, мамлекеттик жарандык кызматчылардын кызматтык этикасынын принциптерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана кызматтык ыйгарым укуктарды ак ниеттүү пайдалануу маселелери талкууланды.


Ошондой эле кызматкерлерге коррупциялык укук бузуулардын келип чыгуу себептерин жана шарттарын алдын алуу, кызматтык милдеттерди мыйзамдын талаптарына ылайык так жана калыс аткаруу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.


Мындан ары сот өндүрүшүн санариптештирүүнүн алкагында тараптарга соттук кабарлоолорду жана билдирүүлөрдү АИС «Сот» маалыматтык системасы аркылуу электрондук форматта өз убагында жөнөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, бул багыттагы иштерди талаптагыдай уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


Ошондой эле соттун аппарат кызматкерлерине 2026-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча отчетторду белгиленген мөөнөттө так, толук жана сапаттуу даярдоо жана өз убагында тапшыруу зарылдыгы белгиленди.


Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турум этикасын сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзам талаптарын бузууга жол бербөө жана коррупциялык тобокелдиктерди өз убагында аныктоо боюнча практикалык сунуштар айтылды. Катышуучулар тарабынан бул багыттагы иштерди күчөтүүгө байланыштуу пикир алышуу жүргүзүлүп, кызыктырган суроолорго тиешелүү жооптор берилди.


Жыйындын соңунда коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик органдардын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленип, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кызматтык этиканын талаптарын так сактоо, коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө карата келишпес мамилени калыптандыруу, ошондой эле сот ишин санариптештирүү боюнча коюлган талаптарды так аткаруу ар бир кызматкердин негизги милдети экендиги баса белгиленди.


Иш-чаранын жыйынтыгында коррупциянын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп туруу, мыйзамдардын талаптарын так сактоо, тараптарды электрондук форматта өз убагында кабарлоо жана отчеттук маалыматтарды сапаттуу даярдоо боюнча иштерди мындан ары да улантуу зарылдыгы белгиленди.