Ысык-Көл облустук сотунда кызматкерлердин коррупцияга каршы билимин жогорулатуу максатында атайын иш-чара уюштурулду. Жыйынга сот аппаратынын кызматкерлери катышып, коррупцияга каршы аракеттер боюнча маалымдуулугун арттырышты.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу, мыйзамдарды сактоо жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, сот органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди. Кызматкерлерге өз ишинде мыйзамдуулукту сактоо, жүрүм-турум этикасы жана коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча милдеттери эске салынды.
Жыйын учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун №83 буйругу менен бекитилген 2025–2027-жылдарга карата сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планы талкууланды.
Жолугушууда тараптарга соттук чечимдерди өз убагында тапшырууну өзгөчө көңүл бурулуп, сотко кайрылган жарандарга сылык жана сый мамиленин маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жыйындын соңунда Ысык-Көл областтык сотунун бөлүм башчысы Айпери Абдымаликова мамлекеттик кызматчылар үчүн белгиленген мыйзам талаптарын жана Этика кодексинин жоболорун так сактоонун маанисине токтолду. Ал ошондой эле 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




