2026-жылдын 23-январында Ысык-Көл областтык сотунда соттун төрагасы Нуркалый Асанбаевдин жана Ысык-Көл областтык сотунун судьяларынын катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев тарабынан облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери менен өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашуу болуп, алардын соттук практикада бирдиктүү жана туура колдонулушунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Ошондой эле жолугушууда 2025-жылга бекитилген иш-чаралар планынын алкагында 2025-жылдын алты айында тергөөчүнүн аракеттерине карата түшкөн даттануулар, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренеси боюнча каралган материалдар, кызматтык кылмыштар боюнча козголгон иштер, ошондой эле 2024-жылы каралган «Жер талаштарына байланыштуу административдик органдын административдик актысын толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп табуу жөнүндө» административдик иштер жана «Мурас укугу» боюнча жарандык иштер боюнча жалпылаштыруу, талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун №83 буйругу менен бекитилген 2025–2027-жылдарга карата сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планы эске алынып, коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча судьялардын жана сот кызматкерлеринин жоопкерчилиги белгиленди. Ошондой эле сотко кайрылган жарандарга карата сылык-сыпаа, адилеттүү жана сый мамиле көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ысык-Көл областтык сотунун
басма сөз катчысы А.Таалайбек кызы




