KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды

04 августа 2026

Ысык-Көл облустук сотунда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусун чыңдоого арналган жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууга Ысык-Көл облустук сотунун судьялары, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер жана айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.


Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 26-майына чейин калк менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, келечекте мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусун чыңдоо болду.


Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылууларында көп кездешкен маселелер, жер жана мүлк мамилелерине байланышкан соттук талаш-тартыштардын негизги себептери, мыйзамдарды колдонуудагы практикалык көйгөйлөр, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана соттордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү жолдору талкууланды.


Катышуучулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо максатында мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы маалымат алмашууну күчөтүү, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча пикир алышып, биргелешкен иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти.


Жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары да тыгыз кызматташуу, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу жана жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн көйгөйлөрдү азайтуу багытындагы биргелешкен иш-чараларды улантуу зарылдыгын белгилешти.