KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук сотунда айрым сот отурумдары түз эфирде өттү

14 апреля 2026

Ысык-Көл облустук сотунда сот отурумдарын ачык-айкын жана жеткиликтүү өткөрүү максатында онлайн трансляция жүргүзүлүүдө. Бул демилге сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоого, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана сот процесстерине кеңири коомчулуктун катышуусуна шарт түзөт.


Онлайн трансляциялар белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлүп, тараптардын укуктары жана мыйзам талаптары толук сакталат. Мындай ыкма аймактагы сот иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматка ыкчам жетүүнү камсыздап, заманбап технологияларды колдонуу аркылуу сот тутумунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында сот тутумун санариптик трансформациялоонун кеңири программасы ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Сот жыйындарын онлайн-трансляциялоо улуттук мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасы гана болбостон, сот тутумун санариптештирүү процессинин да маанилүү бөлүгү болуп саналат.


Бул жаңычылдыктардын негизги максаты — заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана коррупциялык тобокелдиктерге туруктуу сот адилеттиги системасын калыптандыруу болуп эсептелет.


Ошону менен бирге ишти кароонун ар бир этабы — материалдарды каттоодон тартып акыркы соттук акт кабыл алынганга чейинки процесс — сот өндүрүшүнүн катышуучулары жана жалпы коомчулук үчүн да мүмкүн болушунча ачык-айкын, түшүнүктүү жана көзөмөлгө алынуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.


Түз эфир «Жогорку сот» YouTube каналында көрсөтүлдү.