Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун имараттарында онлайн анонимдүү сурамжылоо аркылуу соттун тейлөө сапатын баалоо үчүн стенддер орнотулду.
Ал үчүн ар бир жаран өзүнүн уюлдук телефону аркылуу илинип турган такчадагы QR-кодду басып, соттун платформасына кирип, ал жердеги суроолорго жооп берүү менен ой-пикирин калтырат.
Мисалга алсак сурамжылоодо жарандар сот процесстеринин жүрүшү, кызматкерлердин мамилеси жада калса соттун имаратынын тазалыгына чейин анонимдүү билдирүүлөрдү калтыра алат.
Бул долбоордун башкы максаты соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртууга ошондой эле сот менен жарандардын ортосундагы байланышты бекемдөө жана элдердин сотторго болгон ишенимин арттыруу.
Ошондой эле онлайн анкеталоону колдонуу соттордун колдонуучулары менен натыйжалуу жана объективдүү пикир алышууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, QR-код аркылуу анонимдүү сурамжылоо стенддер Ысык-Көл облустук сотунда, Ысык-Көл облусунун административдик сотунда жана Ысык-Көл облусунун эки шаар, беш райондук сотторунун имаратында орнотулду.