Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев сот приставтарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев жана Каракол аймактык сот приставтарынын кызматкерлери катышты.
Кеңешменин алкагында Нуркалый Асанбаев процесстик иш-аракеттерди аткарууда соттун имаратынын, судьялардын, сот арачыларынын жана сот процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жыйындын негизги максаты экенин белгиледи.
Мындан тышкары, сот жыйналышынын катышуучуларынын, судьялардын, соттун аппаратынын кызматкерлеринин жана жарандардын ден соолугун, өмүрүн жана мүлкүн коргоо максатында тартип бузгандарды сот жыйналышынын залынан же сот имаратынан чыгарып салууда, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин мыйзамсыз чектөөгө жол бербөө жана сот жыйналышында кемчиликтерди жоюу максатында бир нече маселелер талкууланды.
Аны менен биргеликте төрага сот приставтар кызматынын бир катар көйгөйлөрүн жана сунуштарын угуп, учурдагы маселелерди чечүү боюнча чаралар көрүлөөрүн белгиледи. Кеңешменин соңунда, Нуркалый Асанбаев катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы А.А.Абдымаликова