KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаарында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жарыяланган бир жумалыктын алкагында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

28 апреля 2026

Иш-чарага Каракол шаардык сотунун төрагасы Тарасбек Осмонов, шаар прокурорунун орун басары Искендер Абдиев жана Каракол шаарынын мэринин орун басары Эрмекан Дүйшөбаева катышып, аталган багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти.


Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдарга карата катаал мамиленин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге талдоо жүргүзүлүп, учурдагы көйгөйлөр кеңири талкууланды. Айрыкча мындай учурларды эрте аныктоо, жабырлануучуларга ыкчам жана натыйжалуу жардам көрсөтүү, ошондой эле тиешелүү мекемелердин ортосундагы өз ара тыгыз кызматташууну камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, ар бир тармак боюнча так милдеттер белгиленди. Ошондой эле алдын алуу иштерин күчөтүү, түшүндүрүү иштерин кеңейтүү жана кооптуу үй-бүлөлөр менен системалуу иш жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди.


Кеңейтилген жыйынга сот жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү, Каракол шаардык мэриянын өкүлү, Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, социалдык педагогдор, муниципалдык аймак башчылары, Казыяттын өкүлү, “Тирек”, “Химая”, “Үмүт үйү” борборлорунун жетекчилери, SOS Балдар айылы программасынын өкүлдөрү, “Ирада” балдар үйүнүн жетекчиси жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.


Белгиленгендей, бул багыттагы иштер мындан ары да системалуу түрдө улантылып, коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу жана балдардын укуктарын коргоо артыкчылыктуу багыт бойдон калат.