Бүгүн, 2026-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов баштаган облус жетекчилеринин катышуусунда Каракол шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Каракол шаарын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Тургундардын кайрылуулары, сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү угулуп, тиешелүү мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.
Облус жетекчилиги эл менен түз байланышта иш алып баруу жана көйгөйлөрдү жеринде чечүү негизги багыттардын бири экенин белгилеп, мындай жолугушуулар мындан ары да улантыларын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундары өздөрүн тынчсыздандырган суроолорун берип, тиешелүү адистерден жооп ала алышты.




