KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балыкчы шаарында эл менен маанилүү жолугушуу өткөрүлдү

22 мая 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жетекчилиги алдында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү.


Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуу уюштурулуп, анда жарандарды түйшөлткөн маселелер, аймактарды өнүктүрүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу боюнча пикир алышуу болду.


Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев, Ысык-Көл облусунун прокурору Эмирбек Каримов, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев, Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов жана Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Жыргалбек Мамаев катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылуулары угулуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле эл менен ачык диалог жүргүзүүнүн мааниси белгиленип, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү өз убагында чечүү боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.