KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттүүлүк үйүндө ишембилик өткөрүлдү

04 ноября 2025

Сот адилеттүүлүк үйүндө ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага соттор, жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер имараттын айланасын, короону иретке келтирип, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле гүл бакчалары, отургучтар жана жалпы эс алуу жайлары тазаланып, көрктөндүрүү иштери аткарылды.


«Мындай иш-чаралар жамааттык биримдикти чыңдоого, эмгек маданиятын жана мекенге болгон жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө түзөт. Тазалык — бул тартиптин жана жоопкерчиликтин белгиси. Ар бир кызматкердин салымы биздин иш ордобузду көркүнө чыгарат», — деп белгиледи Ысык-Көл облусунун сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев


Сот адилеттүүлүк үйүнүн жамааты бул демилге коом үчүн үлгү болорлук иш экенин, ошондой эле экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана таза айлана-чөйрөнү сактоого багытталганын белгилешти.


Маалымат үчүн:


Сот адилеттүүлүк үйүндө өткөрүлүүчү коомдук жана экологиялык иш-чаралардын максаты — сот системасынын кадыр-баркын жогорулатуу, жарандык жоопкерчиликти күчөтүү жана жамааттык биримдикти бекемдөө болуп саналат.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы