KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн “Ачык эшик күнү” өттү

13 марта 2025

 


Ысык-Көл облустук сотунун судьяларынын катышуусунда Ж. Баласагын атындагы КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин 2- курсунун студенттери үчүн Сот Адилеттик үйүндө  «Ачык эшик күнү» өткөрүлдү.


Сот кызматкери Урмат Айдаралиев студенттерге соттун имараты менен тааныштырып, соттогу аудио- жана видео жазуу системасы, ошондой эле иштердин канцелярияга келиши тууралуу толук маалымат берди.


Ысык-Көл облустук сотунун судьялары судьялары жаш юристтерге судьялардын статусу, алардын ыйгарым укуктары, кызматтык милдеттери жана соттордун биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанцияларынын айырмалары жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти.


Мындан тышкары, судьялар келечектеги кесиптештерине кеңештерин берип, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.


Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык жана кылмыш иштери боюнча ачык соттук жыйындарга катышышты.


Иш-чаранын соңунда судьялар студенттерге окууда ийгиликтерди каалап, талыкпай окуп, изденүүнүн маанилүүлүгүн эске салып, мындай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлөөрүн белгилешти. Алар, ошондой эле, соттун эшиги жаш юристтер үчүн дайыма ачык экенин айтышты.


Университеттин окутуучусу Мира Амангелдиева облустук соттун судьяларына ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн абдан кызыктуу болгонун жана чоң мотивация болоорун белгиледи.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы                                 А.Абдымаликова