20-февралында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков, орун басары Зарипбек Аданбаев, судья Нуркалый Асанбаев жана Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Тарых мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын” “Тарых кошумча укук таануу профили менен адистештирүүнүн” 3-курсунун студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Соттун аппарат кызматкери Урмат Айдаралиев, студенттерге экскурсия өткөрүп, соттун имараты менен тааныштырып, орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби туурасында кенен маалымат беришти.
Ал эми судьялар студенттерге судьялардын ыйгарым укуктары принциптери статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү ошондой эле кеп-кеңештерин берип кызыктырган суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык жана кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.
Жолугушуунун соңунда төрага жана судьялар студенттерге окууларына ийгиликтерди каалап, талыкпай изденип окуу керектигин эскертип, ушундай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлүп турарын жана жаш адистер үчүн Сот Адилеттик үйүнүн эшиги дайым ачык экенин айтышты.
Аны менен биргеликте окуу жайдын мугалими Эльвира Качкынова судьяларга ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн чоң мотивация болоорун белгиледи.
Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы А.Абдымаликова