KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

27 ноября 2025

Ысык-Көл облусутук жана Каракол шаардык сотторунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика, туризм жана тарых факультеттеринин 3-курс студенттери үчүн Сот Адилеттик үйүндө «Ачык эшик күнү» уюштурулду.


Иш-чаранын максаты – студенттердин сот системасы тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, сот органдарынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу жана жаштардын укуктук маданиятын өнүктүрүү.


Ысык-Көл облустук сотунун бөлүм башчысы Айпери Абдымаликова студенттерди соттун имараты менен тааныштырып, соттогу аудио- жана видео жазуу системасы, ошондой эле иштердин канцелярияга келиши тууралуу толук маалымат берди.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев студенттерге судьялардын статусу, алардын ыйгарым укуктары, кызматтык милдеттери жана соттордун биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанцияларынын айырмалары жөнүндө кенен түшүндүрмө берди.


Мындан тышкары, Каракол шаардык сотунун судьясы Венера Туманова келечектеги адистерге кеңештерин берип, алардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.


Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык жана кылмыш иштери боюнча ачык соттук жыйындарга катышышты.


Иш-чаранын катышуучулары сот системасы боюнча алган маалыматтары алардын кесиптик багыт алуу процесси үчүн абдан маанилүү экенин белгилешти.


Иш-чаранын соңунда Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалый Асанбаев студенттерге окууда ийгиликтерди каалап, талыкпай окуп, изденүүнүн маанилүүлүгүн эске салып, мындай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлөөрүн белгиледи. Сот органдарында мындай ачык иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турарын, коомчулуктун укуктук маалымдуулугун жогорулатуу – иштин маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                                     А.Таалайбек кызы