Бүгүн, Балыкчы шаардык сотунда Аксакалдар сотунун өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга шаардык соттун судьялары жана Аксакалдар сотунун мүчөлөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын кайрылууларын кароо, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, үй-бүлөлүк жана коомдук чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда коомдук институттар менен өз ара кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Тараптар жергиликтүү деңгээлде келип чыккан маселелерди ыкчам жана мыйзам чегинде чечүүдө Аксакалдар сотунун ролу маанилүү экенин белгилешти. Ошондой эле жарандар арасында укуктук түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана алдын алуу багытындагы иш-чараларды биргеликте уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйындын соңунда катышуучулар мындан ары да өз ара кызматташууну улантып, калк арасында мыйзамдуулукту, ынтымакты жана коомдук тартипти чыңдоо багытында биргелешкен иштер жүргүзүлөрүн белгилешти.




