KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балыкчы шаардык сотунда "Манас" угуу декадасынын алкагында иш-чара өткөрүлдү

01 декабря 2025

Балыкчы шаардык сотунда “Манас” угуу декадасынын алкагында улуттук руханий мурастарды даңазалоого, жаш муундардын маданий билимдерин кеңейтүүгө жана эпостун тарбиялык маанисин жайылтууга багытталган маданий иш-чара уюштурулду.


Иш-чарага Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Жыргылбек Мамаев, ошондой эле аталган соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышып, “Манас” эпосун угуу демилгесин колдоо менен улуттук маданияттын өнүгүшүнө салым кошушту.


Иш-чаранын жүрүшүндө “Манас” айтуу боюнча сынактардын катышуучусу, жеңүүчүсү жана бир нече сыйлыктардын ээси, Балыкчы шаарындагы №4 З.Исаева атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нурадил Токтобеков “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берди. Ал Манас баатырдын тулгандыгы жана бала кези тууралуу, ошондой эле “Семетей” үчилтигинен Семетейдин төрөлүшү жана анын бала чагына байланышкан эпизоддорду айтып өттү.


Ошондой эле Манас баатырдын кырк чоросунун эпостогу орду жана алардын биримдикти чагылдырган баатырдык образы тууралуу маалымат берилди.


Иш-чара катышуучулар үчүн улуттук мураска болгон кызыгуу жана урмат-сыйын арттырган маанилүү маданий иш-чара болуп өттү.


 


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы