KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балыкчы шаардык сотунда коррупцияга каршы иш-чара өттү

03 апреля 2026

Балыкчы шаардык сотунда коррупцияга каршы багытталган иш-чара өткөрүлдү. Анын негизги максаты — кызматкерлер арасында мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык этиканы бекемдөө жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.


Иш-чарага соттун төрагасы Жыргалбек Мамаев, судья Рахат Каримова жана аппарат кызматкерлери катышышты. Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коомдун сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун №83 буйругу менен бекитилген 2025–2027-жылдарга карата сот тутумундагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планы эске алынды. Анын негизинде коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча судьялардын жана сот кызматкерлеринин жоопкерчилиги белгиленди.


Мындан тышкары, сотко кайрылган жарандарга карата сылык-сыпаа, адилеттүү жана сый мамиле көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.


Мындай иш-чаралар кызматкерлердин укуктук маданиятын жогорулатууга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана коррупцияга каршы туруктуу позицияны калыптандырууга өбөлгө түзөт.