KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Балыкчы шаардык сотунда соттордун ишин баалоого арналган семинар өттү.

17 декабря 2025

Иш-чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нуркалы Асанбаев, Балыкчы шаардык сотунун төрагасы Жыргалбек Мамаев, Балыкчы шаардык сотунун судьялары Рахат Каримова жана Элдияр Ысаков, Ысык-Көл райондук сотунун төрагасы Чолпон Каримбаева, Ысык-Көл райондук сотунун судьялары Кенешбек Бекчалов жана Ташкан Насирова, ошондой эле Тон райондук сотунун төрагасы Аида Талантбекова катышты.


Балыкчы шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова соттордун ишин баалоо боюнча комиссиянын жумушчу тобунун мүчөсү катары семинарга катышты.


Семинардын алкагында Балыкчы шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова судьялардын ишин баалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Соттор кеңеши тарабынан 2025-жылдын 15-августунда бекитилген соттордун ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндө жобонун негизинде түшүндүрмө берди. Аталган жобо боюнча суроолорго жооптор берилип, соттордун ишин баалоонун критерийлери жана процедуралары тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                                      А.Таалайбек кызы