KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунда аксакалдар соту жана медиаторлор менен чогулуш өттү

30 марта 2026

Иш-чаранын негизги максаты — жергиликтүү калкка аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү, алардын укуктук статусу жана коомдогу ролу тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле жарандар арасындагы талаш-тартыштарды сотко жеткирбестен, медиация аркылуу ыкчам жана натыйжалуу чечүүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүү болду.


Жыйынга Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Бакытбек Нурбаев, Кыдыр-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун катчысы Алмагул Джакипова,                      Алтын-Арашан айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы Марсель Асанакунов , Каракол айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы Айтбай Шингибаев, Жаңы-Арык айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Келдибек Эсенов , Хан-Теңири айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы Турат Алышпаев катышышты.


Мындан тышкары, медиаторлор Клим Турдалиев жана Талипбек Джаналиев катышып, медиациянын негизги принциптери — ыктыярдуулук, тараптардын тең укуктуулугу, купуялуулук жана бейтараптуулук тууралуу кеңири маалымат беришти. Алар практикалык мисалдар аркылуу талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилешти.


Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аксакалдар сотторунун ишинде кездешкен көйгөйлөр, жарандар менен иш алып барууда колдонулуучу ыкмалар, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде ынтымакты жана коомдук туруктуулукту сактоодогу ролу боюнча пикир алмашышты. Өзгөчө басым алдын алуу иштерине жана чыр-чатактарды эрте стадиясында чечүүгө бурулду.


Жолугушуу Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын жардамчылары Кабылбаева Айгуль Кабылбаева жана Сталбек Карыпжанов тарабынан уюштурулуп, жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.


Мындай маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары мындан ары да улантылып, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү маданиятын калыптандырууга жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.