Ак-Суу райондук сотунда сот кызматкерлеринин эмгек тартибин чыңдоо жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында профилактикалык жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Ак-Суу райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Дүр Аскарбеков кызматкерлерди коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөөгө, мыйзамга каршы аракеттерден жана терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырды.
Ошондой эле ал сот ишмердүүлүгүндө эмгек тартибин так сактоонун, кызматтык этиканын талаптарын аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, сот процесстеринде жогорку жүрүм-турум маданиятын көрсөтүүгө жана процесстин бардык катышуучуларына сылыктык жана урмат-сый менен мамиле жасоого үндөдү.
Жыйындын жүрүшүндө коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруктуу күрөш жүргүзүү, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Дүр Аскарбеков мындан ары да судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери менен кызматтык тартипти сактоо, кызматтык этиканын талаптарын жана жүрүм-турум эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.




