KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
03922 (55089) г. Каракол, ул. Тыныстанова 15
Кайрылуу жиберүү

Ак-Суу райондук сотунда “Манас” угуу декадасынын алкагында иш-чара өттү

17 декабря 2025

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунда улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында “Манас” угуу декадасынын алкагында маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.


Иш-чарага Ак-Суу районунун Академик Мамбет Мамакеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тарбия завучу Эсен Жапаров жана окуучулар Данияр Закиржанов, Нурсултан Асанов, Алманбет Канатбеков жана Эльмар Кенжебаев “Манас” эпосунан үзүндү айтып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.


Иш-чарага ошондой эле Ак-Суу райондук борборлоштурулган китепканасынын тейлөө бөлүмүнүн башчысы Лира Жапарова, китепканачылар Аида Токтосунова жана Индира Мамытова активдүү катышты.


“Манас” эпосуна арналган бул иш-чараны Ак-Суу райондук сотунун судьясы Кубатбек Дубанаев өткөрүп, окуучуларга жана катышуучуларга белектерди өзү даярдап тапшырды. Иш-чарага соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышып, жаш манасчыларга колдоо көрсөтүштү.


Иш-чара улуттук руханий мурасты сактоо, “Манас” эпосунун баалуулугун кеңири жайылтуу жана жаштардын маданий аң-сезимин өнүктүрүү багытында маанилүү кадам болуп калды.


 


Ысык-Көл областтык сотунун


басма сөз катчысы                                                                          А.Таалайбек кызы